Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Мамлекеттик мекемелердин жетекчилик кызматтары саясий кызматка өзгөрдү


Президент Садыр Жапаров жыйын өткөрүүдө. Архив сүрөт.
Президент Садыр Жапаров жыйын өткөрүүдө. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эми президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалчу мамлекеттик органдардын жетекчилери саясий кызматта деп эсептелет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, эми министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын орду саясий кызмат катары эсептелет. Бул тизмеге Министрлер кабинетинин карамагындагы административдик ведомствонун жетекчисинин, аткаруу бийлигинин жана башка органынын жетекчисинин орун басарлары да кошулган. Ошондой эле мамлекеттик органдардын бөлүм жетекчилери, орун басарлары (президент, Министрлер кабинетинин төрагасы дайындаган) дагы саясий кызматтардын катарына кирди.

Маалыматта, жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу деп айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG