Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:45

АКШда клубдагы атышуудан беш киши набыт болду


Атышуу болгон жер.
Атышуу болгон жер.

АКШнын Колорадо-Спрингс шаарындагы ЛГБТ клубундагы атышууда кеминде беш киши каза тапты, 18и жараат алды.

CNN тараткан кабарга ылайык, Club Q деген жердеги атышуу тууралуу полицияга 20-ноябрга караган түнү маалымат түшкөн. Шектүү кармалып, ооруканага жеткирилген. Кол салуунун себеби белгисиз.

Ок аткан адам 22 жаштагы Андерсон Ли Олдрич экени аныкталды. 2021-жылы дал ушул ысымдагы жаран апасын бомба менен коркутканы үчүн кармалган эле. Анын жашы да шектүү менен тең. Бирок ал иш сотко өткөн эмес.

Полиция атышууга укук коргоо кызматкерлеринин катышы жоктугун билдирди. Клубдун маалыматына караганда, ок аткан жаранды ал жайда эс алып отургандар токтотуп калышкан.

Club Q бул кол салууну ЛГБТ коомчулугуна карата “акылсыз чабуул” деп атады. Колорадо штатынын губернатору, кумса экенин ачык айтып чыккан Жаред Полис курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана штаттын ЛГБТ коомчулугу менен тилектештигин билдирди.

France-Presse агенттиги түнкү клубдагы атышууда набыт кеткендерге арналган убактылуу мемориалга эл чогулуп жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG