Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

Экзит-полл: Токаев жеңди, экинчи сапка "баарына каршы" графасы чыкты


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев добуш берип жаткан учур, 20-ноябрь 2022-жыл.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев добуш берип жаткан учур, 20-ноябрь 2022-жыл.

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.

Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%,
Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.

Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге чукулу же 69,4 пайызы добуш берди.

Жети-Суу облусунда шайлоочулардын 81 пайыздан ашыгы добуш берсе, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 28 пайыздайы гана урнага бюллетень салды.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаевден башка бул шайлоого катышкан беш талапкердин баары коомчулуктун кеңири катмарына белгисиз. Мындан улам көз карандысыз байкоочулар бул шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун белгилеп келишет.

20-ноябрдагы добуш берүү бир нече шаарда жарандык активисттердин кармалышы менен коштолду. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Алматы шаарынын үч жеринде таза шайлоону талап кылган 30га чукул активистти полиция кармап кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG