Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды


Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземи. 20-ноябрь, 2022-жыл.
Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземи. 20-ноябрь, 2022-жыл.

Перс булуңунун боюндагы Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. 20-ноябрда чемпионаттын ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Reuters агенттиги жазгандай, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани дүйнөлүк чемпионат түрдүү ишенимдеги адамдардын башын бириктиргенин айтты.

Биринчи жолу араб өлкөсүндө уюштурулган футбол чемпионатынын алгачкы беттеши Катар менен Эквадордун курама командаларынын ортосунда өтүп жатат.

Беттештер Катардагы беш шаардагы сегиз стадиондо өткөрүлөт. Катардагы климатка байланыштуу күз жана кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллардан ашык каражат сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Катар бул чемпионатты өткөрүүгө укук алган мезгилден тарта ар кыл жаңжал орун алып келди. Бул өлкөнү тандоо учурундагы ФИФАдагы айрым жетекчилер коррупцияга шектелсе, кийин спорттук жайларды куруудагы курмандыктар, Катардагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикирлер токтогон жок.

Футбол боюнча чемпионаттын башталарына бир күн калганда бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинонун Дохадагы сөзүн сындап чыгышты. 19-ноябрда Инфантино Батыштын Катардагы адам укугун бузуулар тууралуу билдирүүлөрүн «эки жүздүүлүк» деп айткан.

Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG