Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүндө аба чабуулдарын баштады


Түркиянын аба соккуларынан кийинки көрүнүш, Сириянын Дерик аймагы, 20-ноябрь, 2022-жыл.
Түркиянын аба соккуларынан кийинки көрүнүш, Сириянын Дерик аймагы, 20-ноябрь, 2022-жыл.

Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү күрт кошуундарынын позицияларын бутага алган аба чабуулдарын баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги 20-ноябрда жарыялады.

Маалыматка ылайык, түрк аскердик учактары Түркияда террордук уюм деп эсептелген Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) жана Сириядагы Элдик коргонуу кошуунунун (YPG) позицияларына сокку уруп жатат.

Түрк бийлиги "Чеңгел-Кылыч" деп аталган бул аскердик операциясын Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 51-беренесинин негизинде өзүн-өзү коргоо максатында өткөрүп жатканын билдирди.

Бул операция Стамбулда алты адамдын өмүрүн алган жардыруудан туура бир жума өткөндөн кийин башталды.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 13-ноябрдагы жардыруу үчүн күрд жоочуларын күнөөлөгөн. Бирок күрд кошуундары бул окуяга тиешеси жок экенин билдиришкен. Стамбулдагы жардырууга байланыштуу 50гө жакын шектүү кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG