Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:45

Кыргызстанда гендердик облигациялар сатыкка чыкты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аялдардын ишкердигин колдоого багытталган облигациялар Кыргызстандагы ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого багытталган.

Түшкөн каражат айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүү жаатындагы чакан жана орто ишканаларга насыя катары берилет. Насыяны айымдар негиздеген же жетектеген, андан сырткары жамаатынын 30% ашыгын аялдар түзгөн ишканалар ала алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG