Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Британ бийлиги Украинага кезектеги жардам берерин жарыялады


Британ премьер-министри Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-ноябрь, Киев
Британ премьер-министри Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-ноябрь, Киев

Британия Украинага 125 зениттик аткыч, ондогон радар жана дрондорго каршы электрондук жабдыктарды берет. Бул тууралуу британ премьер-министри Риши Сунактын Киевге алгачкы сапарынан соң жарыяланды. Маалыматка ылайык, британ тарап 50 миллион фунтка бааланган абадан коргонуу жабдыктарын да убада кылган.

Өткөн айда ишке кирген Риши Сунак Киевге 19-ноябрда барган. Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, учурдагы кырдаалды жана согуш аяктагандан кийинки «Украинаны калыбына келтирүү боюнча планды» талкуулаган.

Электр жарыгы өчүп, үйлөр, мектептер жана ооруканалар талкаланып, украиналыктарды оор кыш күтүп турган убакта британ премьери Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Украинага 12 миллион, Эл аралык миграция уюмунун алкагында 4 миллион фунт стерлинг бөлүп берүүнү убада кылды.

«Бул каражат турак жайларды жана суу менен камсыз кылчу объектилерди оңдоого, көчмө медициналык клиникаларды, генераторлорду алууга жумшалат»,-деп билдирди британ өкмөт башчысынын кеңсеси.

Мындан сырткары Британия Украинада сегиз ири курулушту каржыламакчы. Алардын ичинде алты көпүрө жана эки турак жай комплекси бар. Мунун алкагында Буча шаарында 2250 адам үй менен камсыз болот.

Украин президенти Владимир Зеленский Сунак менен жолугушуудан кийин Твиттердеги баракчасына «Принципиалдуу колдоосу жана сүйлөшүүлөрдөгү максималдуу түшүнүүсү үчүн ыраазычылык билдирем» деп жазды.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Андан бери согуш уланып келе жатат. Бул куралдуу жаңжалда Британиянын бийлиги Украинага активдүү колдоо көрсөтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG