Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Украин прокуратурасы согушта 437 бала набыт болгонун билдирди


Николаев шаары. Украина. Октябрь, 2022-жыл.
Николаев шаары. Украина. Октябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинага кол салгандан бери 437 бала набыт болуп, 837и жаракат алганын Украинанын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, балдардын басымдуу бөлүгү Донецк, Харьков жана Киев облустарында жабыркаган. Бомбалоо жана аткылоодон 2719 билим берүү мекемелери жабыркаган, анын ичинен 322си толук кыйраган.

"Бул акыркы көрсөткүч эмес. Согуш болгон, убактылуу басып алынган жана бошотулган аймактардагы жоготууларды аныктоо иштери уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Орусиянын кол салуусунан улам Украинада 6557 жай тургун, анын ичинде 408 бала набыт болгон. Уюмдун билдирүүсүндө мерт болгондордун саны көп болушу ыктымалдыгы, согуш жүрүп жаткан жерлерден маалымат алууга мүмкүн эместиги кошумчаланган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан берки аралыкта Украинадан 5 миллиондон ашуун адам чет жакка чыгып кеткени кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG