Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекети оңдолуп жатат. Сузак, Жалал-Абад. 18-ноябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекети оңдолуп жатат. Сузак, Жалал-Абад. 18-ноябрь, 2022-жыл.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинде оңдоо иштери жүрүүдө. 18-ноябрда президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышканын өкүлчүлүктөн билдиришти.

Буга чейин бекеттеги кишилер жана унаалар өтүүчү жолдорду оңдоо, тейлөө шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу макулдашуунун негизинде кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" чек арасы декабрдан тартып ишке кирерин, Жалал-Абад жана Ош шаарларына Өзбекстандын Ханабад шаары аркылуу жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште айткан.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG