Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча Хелсинки комитети БУУга арызданды


Орусиялык укук коргоочу, “Мемориал” укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча Норвегиянын Хелсинки комитети Улуттар уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысына арызданды. Бул тууралуу эл аралык уюм Твиттер баракчасына жазды.

Виталий Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланганы 15-ноябрда белгилүү болгон. Ал адам укуктары боюнча Бишкекте өтүп жаткан фестивалга конок катары чакырылган. Бирок Кыргызстанга учуп келип, “Манас” эл аралык аэропортунда чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда 14-ноябрда кармалган. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынын төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген:

"Чек ара кызматы башка мамлекеттик түзүмдөрдүн тапшырмасын аткарат. Анын (укук коргоочу- ред.) Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган. Пономарев мырза эмне үчүн Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынганын билет. Биз жөн гана аткаруучу мекемебиз", - деди мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын өкүлү анын Кыргызстанга кирүүсүнө 2017-жылы тыюу салынганын, чечим 2020-жылы узартылганын айткан. 2017-жылы Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн ошол кезде Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG