Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Казак бийлиги жарандарына мыйзамсыз митингдерге чыкпоону эскертти


Казакcтандагы полиция кызматкелери. 25-октябрь, 2022-жыл.
Казакcтандагы полиция кызматкелери. 25-октябрь, 2022-жыл.

Казакстандын бийлиги жарандарына 20-ноябрда, президенттик шайлоо өтө турган күнү мыйзамсыз митингдерге чыкпоону эскертти.

Башкы прокуратура 18-ноябрда жасаган билдирүүсүндө, "өлкөдө тыюу салынган топ президенттик шайлоо өтө турган күнү мыйзамыз митингдерге чыгууга чакырып жатканын, мындай чакырыктарды колдогондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын" эскертти. Билдирүүдө кайсы топ экени жазылган эмес.

17-ноябрда Улуттук коопсуздук комитети добуш берүү күнү балашамандык уюштурууну көздөгөн жети киши кармалганын билдирген.

Комитет тараткан маалыматта "марттан бери атайын кызматтын өкүлдөрү Мухтар Аблязовдун көз караштарына ыктаган кылмыштуу топтун" артынан түшкөнү айтылат.

Бир топ жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Аблязов акыркы жумаларда социалдык тармактар аркылуу шайлоо күнү митингге чыгып, административдик имараттарды күч колдонбостон ээлеп алууга чакырып келет. Өткөн аптанын соңунан бери ар кайсы шаарларда ондон ашуун активисттер кармалды.

20-ноябрда өтө турган шайлоодо президентикке алты талапкер ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлерлдин арасынан Токаевден башкасы анчейин таанымал эмес. Казакстанда быйыл өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык президент жети жылдык мөөнөткө шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG