Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Орусия Украинанын кеминде 12 облусун ракеталардан аткылады


Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген жерде. Киев, 15-ноябрь 2022-жыл
Өрт өчүрүүчүлөр ракета тийген жерде. Киев, 15-ноябрь 2022-жыл

Шейшембиде орус аскерлери Украинанын кеминде 12 чөлкөмүнө ракетадан сокку урду. Маанилүү инфраструктура бутага алынып, электр энергиясы жапырт өчүрүлүүдө.

Украинанын абадан коргонуу системасы Киевге багытталган төрт ракетаны атып түшүрдү. Аткылоодон баш калаада эки турак жай жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Бир кишинин каза тапканы маалымалды. Киевдин тургундарынын жарымы электр жарыгысыз калды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый жарылуулардын добушу чыкканын, үйлөрдүн жарымы электр энергиясыз калганын айтты.

Кабарларга караганда, Харьков, Волынь, Днепропетровск, Житомир, Одесса жана башка облустар аткыланды.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия согуштун 8 айында Украинага каршы дээрлик 4 жарым миң ракета чыгарганын буга чейин билдирген.

Октябрдын башында Крым көпүрөсү жардырылгандан кийин Москва Киевди айыптап, орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алып келатат.

Дүйшөмбү күнү НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг "Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт", - деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG