Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Европага мыйзамсыз кирген мигранттар көбөйдү


Босниядагы мигранттар лагери. Архивдик сүрөт
Босниядагы мигранттар лагери. Архивдик сүрөт

Быйыл январдан тарта Евробиримдиктин чек ара агенттиги (Frontex) 275 миң киши Европага мыйзамсыз киргенин каттады.

Былтыркы ушул мөөнөт менен салыштырганда бул 73% көп. Агенттик белгилегендей, 2016-жылдан бери мындай жогорку көрсөткүч каттала элек болчу.

Мыйзамсыз мигранттар негизинен Батыш Балкан тараптан кирет. Frontex быйыл ал каттамды 128 миң киши, негизинен Бурунди, Ооганстан жана Ирак жарандары пайдаланганын жазат. Көбү шаркетке кирбеген жана визаны талап кылбаган Сербияга учуп барат, андан ары биримдиктин чек арасына бет алат.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз мигранттар Жер ортолук деңизи менен Италияга жетишет. Ал эми Испания, Украина жана Беларус аркылуу киргендер азайды. Польша, Литва жана Латвия Беларус менен чек араларына дубал тургузган.

2015-жылы Европага агылган мыйзамсыз качкындар эселеп өскөн. Буга Сирия, Ирак, Ооганстан, Ливиядагы куралдуу жаңжалдар себеп болгон. Ошондо эски континентке 1,8 миллиондой киши келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG