Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Бишкекте жол акысы жакын арада көтөрүлбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жол акы азырынча көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, департамент коомдук транспортко жол акыны көтөрүү демилгесин Экономика министрлигине сунуштаган.

"Министрлик корутундусун бергенден кийин маселе Бишкек шаар кеңешине сунушталат. Шаардык кеңеш аны коомдук талкууга чыгарат. Анда каалаган адам өзүнүн сунушун берип, пикир кошо алат. Ошондон кийин гана жол кирени көтөрүү маселеси шаардык кеңештин кароосуна жиберилет. Азырынча бул канча убакытка созулары белгисиз",- деди Нусувалиев.

Буга чейин Бишкектеги Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жол акыны көтөрүүнүн үч түрүн сунуштаган токтом долбоорун жарыялаган. Демилгечилер троллейбустарда жана автобустарда жол кирени 15 сомго, менчигинин түрүнө карабастан кичи класстагы автобустарда күндүзү 21 сомго, түнкүсүн 32 сомго чейин, кичи класстагы айрым экспресс автобустардын жол киресин (кичи автобустарда) 22-32 сомго чейин көтөрүүнү сунушташкан.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Былтыр июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

2021-жылдын 1-ноябрынан тартып, борбор калаада маршруттук таксиге жол кире 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустарга 8 сомдон 11 сомго көтөрүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG