Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Байден менен Си өзөктүк куралга каршы экенин билдиришти


Жо Байден менен Си Цзинпин
Жо Байден менен Си Цзинпин

АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын лидери Си Цзинпин Индонезиянын Бали аралындагы жолугушууда бир нече маселени, анын ичинде Орусиянын Украинадагы согушун талкуулап, жаңжалда өзөктүк куралды колдонууга каршы экенин айтышты. Бул тууралуу маалыматты Ак үй таратты.

Ага ылайык, Орусиянын кол салуусуна тиешелүү теманы Байден козгоду.

"Президент Байден жана төрага Си өзөктүк согуш тутанбашы керектигин, Украинада андай куралды колдонууга же пайдаланылат деген коркутууларга каршы экенин белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Киевдин атомдук куралы жок болгондуктан, байкоочулар лидерлер биринчи кезекте Москвага кайрылды деп эсептешет.

Ак үй ошондой эле тараптар эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди козгошконун кошумчалады. Байден АКШ Кытай менен атаандашарын, бирок чыр-чатакты каалабасын, Вашингтон Бээжин менен климаттагы өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, глобалдык экономика жана саламаттык сактоо тармактарында кызматташууга даяр деп белгиледи.

Билдирүүдө айтылгандай, АКШ президенти Кытайдын Шинжаң, Тибет жана Гонгконгдогу адам укуктарын сактоо зарылдыгына, Тайвандагы статус квонун бузулушуна каршы экенине басым жасады. Маалыматка караганда, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барып кетмекчи.

Си Цзинпин жолугушуу алдында эки өлкө тең мамилелердин "туура багытын табышы керек, муну бүтүндөй дүйнө күтүп жатат" деп айткан.

Үч сааттан ашык созулган кездешүүдөн кийинки маалымат жыйында Байден Си менен сүйлөшүүлөр ачык-айкын жүргөнүн белгиледи.

Байден кызматка шайлангандан бери лидерлер биринчи жолу бетме-бет кездешти.

Жетекчилер Индонезияга "Чоң жыйырманын" саммитине катышуу үчүн барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG