Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Казакстандык портал: Роскомнадзор Украина тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылды


Казакстандын Arbat.media маалымат порталы Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялар жана массалык коммуникациялар кызматы (Роскомнадзор) Украинадагы согуш тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылганын билдирди. Редакциянын маалыматына ылайык, кеп "Орус оккупанттары Харьков облусунда утулуп жатат, бирок аны моюнга алгысы келбейт" деп аталган материал тууралуу жүрүүдө, анда эки тараптын тең булактарынан алынган маалыматтар камтылган.

Портал макалада сентябрда фронтто түзүлгөн абалды маалымат каражаттары кантип чагылдырганы баяндалганын белгиледи. Ошондо украин күчтөрү Харьковдо бир катар жерди кайтарып алган.

Роскомнадзор сайттын кожоюндары же провайдер "тыюу салынган" маалыматты алып салбаса же чектебесе, Орусияда аны окууга чек коюларын эскерткен.

"Алардын талабына көнбөйбүз деп жооп бердик. Менимче, аларга "оккупант" деген сөз жакпай калды", - деди порталдык башкы редактору Сырым Иткулов.

Arbat.media “Казакстандын мыйзамдарын бузбаганын, андыктан материалды алып салууга эч кандай себеп жок экенин”, Роскомнадзор башка өлкөнүн мекемеси болгондуктан, редакциянын ишин чектей албай турганын билдирип жатат.

Орусия Украинага кол салгандан бери Роскомнадзор казакстандык маалымат каражаттарынан кээ бир материалдарды алып салууну талап кылган учурлар болгон.

Казакстандагы медианын укугун коргогон уюмдар муну цензура жана ал өлкөнүн ички маалымат согушунун бир бөлүгү деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG