Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Көркөм муз тебүүчү Валиева алтын медалдарынан ажырашы мүмкүн


Камила Валиева Бээжин Олимпиадасында. 17-февраль 2022-жыл
Камила Валиева Бээжин Олимпиадасында. 17-февраль 2022-жыл

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиеваны кызытма эрежелерин бузган деп таап, төрт жылга дисквалификация кылууну, буга чейинки жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. 16 жаштагы Валиева спортто тыюу салынган триметазидин препаратын пайдаланган деп шектелүүдө. Бул зат анын 2021-жылдын 25-декабрында алынган анализдеринен табылганы менен ал жөнүндө Бээжин Олимпиадасы жүрүп жаткан учурда белгилүү болгон.

Спорттук арбитраж соту (CAS) агенттиктин талабын канааттандырса, Валиева 2022-жылкы Орусиянын жана Европанын биринчиликтеринде алган алтын медалдарынан кол жууп калат. Ошондой эле Орусиянын көркөм муз тебүүчүлөрүнө командалык жарышта алган алтын медалдар тапшырылбай, чемпиондук наам АКШга берилмекчи.

Үстүбүздөгү сезондо Валиева Орусиядагы Гран-приде эки этапты жеңди. Орусиялык көркөм муз тебүүчүлөр Москва Украинага басып киргенден кийин эл аралык мелдештерден четтетилген.

Валиеванын иши боюнча чечим качан чыгары белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG