Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Москвада Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды


Иллюстрациялык сүрөт. Орусиядагы кыргызстандык мигранттар.
Иллюстрациялык сүрөт. Орусиядагы кыргызстандык мигранттар.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвада өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлчүлүк Орусиядагы кыргызстандыктарга миграция маселелери жана жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтөт.

"Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар жумуш берүүчүлөрдү издөөдө жана ишке орноштурууда, тандоодо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат. Ал жерден эмгек миграциясы, Орусиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот. Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт", - деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары өкүлчүлүк каза болгондордун сөөгүн мекенине кайтарууга байланышкан төлөмдөр, иш берүүчүлөр менен талаш-тартыштар, анын ичинде эмгек акысын ала албаган жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо иштери менен дагы алектенет.

Өкүлчүлүк Орусия элчилигининин жанында, Москва шаары, Малая Полянка көчөсүндө (Октябрь метросу) жайгашкан.

Буга чейин Орусияда иштеп жүргөн мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар Эмгек жана миграция министри менен Кыргызстандагы элчисинин кызматка ылайыктуулугун кароо сунушун президентке жолдошкон.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG