Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Кыргыз өкмөтү Сох дарыясына суу сактагыч курууну пландап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Кадамжай районунун аймагындагы Сох дарыясына суу сактагыч, ГЭС курууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу "Теке секирик" долбоору 4-5 жылда ишке ашат жана ага болжолдуу эсеп менен 30 млрд. сомго жакын каражат керектелет.

"Бул боюнча өзүбүз план түзгөнбүз. Финансы миинистрлиги менен дагы иш алып бардык. Бул маселени ишке ашырууга токтом чыгарып, долборлоого болжол менен 500 млн. сом деп чечтик. Беш жыл ичинде Финансы министрлиги каржылап берүүгө макулдук берди. Кийинки жылы биз токтомдун долбоорун даярдайбыз. Бул абдан керектүү долбоор. Бул жакта Сох дарыясына суу сактагыч каралат, андан тышкары ГЭС куруу маселеси бар. Жаңы жерлерди өздөштүрүү боюнча чоң долбоор болот. Бюджети болжол менен 30 млрд. сомдой болуп жатат. Долбоор чийилгенден кийин так билинет", - деди Сокеев.

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Баткен облусунун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунун ирригациялык системасынын абалы тууралуу маселени карады.

Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов “Теке секирик” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга чакырып, тиешелүү дирекцияны түзүүнү тездетүүнү сунуштады. Ошондой эле эл өкүлү Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы суу чарба курулуштарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө кызыкты.

Маалыматка караганда, 1-ноябрга карата Баткенде 44 чакырым канал тазаланып, 7 чакырымы оңдолгон. Мындан сырткары 70 гидротехникалык курулмалар, 19 насос станциясы оңдолгону айтылды.

Быйыл жыл башында Министрлер кабинети быйыл ирригацияга 1 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлаган.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Азаттыкка" курган маегинде өлкө боюнча 5800 чакырым чарба аралык каналдар бар экенин айткан. Ошолорду жакшы абалда кармап туруу үчүн жылына 5 млрд. сом акча бөлүү керектигин белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG