Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Стамбулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза тапты


Стамбулдагы жардыруу болгон жер. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Стамбулдагы жардыруу болгон жер. 13-ноябрь, 2022-жыл.

13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты кишинин каза тапты, 53 киши ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматты Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады.

Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жыш жүргөн аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.

Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG