Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:38

Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту


Бокс боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси кыргызстандык Санжар Сейдакматов көк кийимчен. 5-ноябрь, 2022-ж. Амман шаары. Бул күнү Сейдакматов иорданиялык Махди Алмащшалехти жеңип алган.
Бокс боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси кыргызстандык Санжар Сейдакматов көк кийимчен. 5-ноябрь, 2022-ж. Амман шаары. Бул күнү Сейдакматов иорданиялык Махди Алмащшалехти жеңип алган.

Иорданиянын Амман шаарында бүгүн, 12-ноябрда жыйынтыкталган бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык боксчулар төрт коло байгеге ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов (54 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) жана Эркинбек Адылбек уулу (86 кг) бокс боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.

Бул чемпионатка бокс боюнча Кыргызстандан эркектер курама командасынан 12 мушкер барды. Алар башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагыналиевдин жетекчилигинде чемпионатка катышты.

1-ноябрда башталган эркектер жана кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 12-ноябрда аяктады. Азиянын бокс конфедерациясынын маалыматына караганда, мелдешке 27 өлкөдөн 267 мушкер катышты. Эркектер арасында командалык эсепте Өзбекстан 1-орунду (беш алтын, эки күмүш, үч коло), Казакстан 2-орунду (үч алтын, алты күмүш, үч коло), Иордания 3-орунду (эки алтын, эки күмүш, бир коло) алды. Кыз-келиндер арасында командалык эсепте 1-орунду Индия (төрт алтын, бир күмүш жана эки коло), 2-орунду Казакстан (үч алтын, күмүш, беш коло), 3-орунду Жапония (бир алтын, төрт коло) ээледи. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG