Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Аскердик полигондо окко учкан мигранттын агасы Орусиядан чыгарылды


Эхсон Аминзода.
Эхсон Аминзода.

Орусиянын бийлиги Белгороддогу аскердик полигондо окко учкан 26 жаштагы Фируз Аминовдун бир тууганын өлкөдөн департациялоону чечти. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы Аминовдун туугандарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Фируз Москвада эки апта мурда кармалган. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда кармалып турат жана жакында Тажикстанга депортацияланышы күтүлүүдө.

"Фируздун документтери жайында болчу. Ал патент менен иштеп жүргөн. Иниси Белгороддо өлтүрүлгөндөн кийин ал бир нече прокуратурага суракка чакыртылган. Ал эми жакында Фирузду жана анын досторун өлкөдөн чыгарууну чечишкен",-деген Аминовдун жакындары.

24 жаштагы Эхсон Аминзода Белгороддогу аскердик полигондо болгон атышууда 16-октябрда окко учканы маалым болгон. Ал полигондо Украинага жибериле турган жоокерлер даярдыктан өтүп жаткан. Эхсондун жакындарынын айтымында, анын согушка барууга ниети болгон эмес. Ал Москвадагы ресторандардын биринде иштечү. Эхсон Аминзода 10-октябрда Люблино метросуна жакын жерден жоголуп кеткен.

Буга чейин Украинадагы согушка азгырылган борбор азиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG