Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Саясатчы Асия Сасыкбаева камакта калды


Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 11-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.
Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасы каралып жаткан учур. 11-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева камакта калды. Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу топ саясатчы, активисттер менен катар массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган.

Шаардык сот 10-ноябрда Асия Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Орозайым Нарматова, Ильгиз Шаменов жана Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздар кийинки аптада каралары айтылды.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.Кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптап, жетиштүү далилдер бар экенин билдирүүдө.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Буга чейин бир катар укук коргоочулар, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүп президент Садыр Жапаровго кайрылшкан.

Президент буга чейин "Кабар" мамлекеттик агенттигине кураган маегинде камалгандар боюнча чечимди сот чыгара турганын айткан. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG