Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстанга ЕККУнун элчилери келет


ЕККУнун элчилери.
ЕККУнун элчилери.

Кыргызстанга Борбор Азия боюнча аймактык турненин алкагында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын туруктуу өкүлдөрү келет. Бул тууралуу Британиянын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, топтун курамында элчилер Нил Буш (Британия), Геза Бройтигам (Германия), Майкл Карпентер (АКШ) жана Кристин Фаж (Франция) бар.

Буга чейин алар аймактык турдун алкагында Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда болушту. Кыргызстандагы сапары учурунда алар Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесине, академиясына барышат. Мындан сырткары Мамлекеттик бажы кызматынын аталган уюм колдоп келаткан кинология борборуна барышат. Маалыматта элчилер Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары айтылган.

"Борбор Азия биз үчүн маанилүү аймак болуп эсептелет. Ошондуктан биз "төрттүк" форматта кыдырып жүрөбүз. Биз жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлерге жолугуп, долбоорлор менен жеринде таанышабыз. Биз биргелешип иштешүүнүн маанилүү экенин дагы бир ирет белгилеп, ЕККУнун ишмердүүлүгүн, уюмдун бардык тармактар боюнча ишиндеги коопсуздукту талкуулайбыз", - деген элчилер визит алдындагы биргелешкен билдирүүсүндө.

ЕККУ - дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алып барган эң ири аймактык уюм. Ага 57 өлкө кирет. Кыргызстан 1992-жылы кошулган. Бишкекте 1998-жылы ачылган анын борбору ​2017-жылы макамын өзгөртүп, учурда программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзүп келет. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG