Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Кемпир-Абад маселеси: Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калды


Эрлан Бекчоро уулу. 2022-жылдын 10-ноябры.
Эрлан Бекчоро уулу. 2022-жылдын 10-ноябры.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды. Биринчи Май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка калган, шаардык сот бүгүн ошол чечимди күчүндө калтырган чечим чыгарды.

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 9-ноябрда карай баштаган.

Кечээ Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Таалайбек Мадеминов, Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов 20-декабрга чейин абакта калтырылган.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Перизат Суранова, Марат Баязов боюнча да ушундай эле чечим чыкты.

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаеванын, укук коргоочу Рита Карасартованын жана активист Чыңгыз Капаровдун кармалганы мыйзамдуу деп табылды, алардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчү карала элек.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. (TSh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG