Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Mazda жана Isuzu компаниялары Орусиядан кетип жатат


 Владивостоктогу биргелешкен ишкана.
Владивостоктогу биргелешкен ишкана.

Жапониянын Mazda жана Isuzu авто өндүрүүчү ишканалары Орусиядан кетип жатат.

Алар Москванын Украинадагы агрессиясына байланыштуу Орусиядагы ишин 2022-жылдын жазында токтоткон болчу.

Mazda Motor корпорациясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп, Владивостоктогу биргелешкен ишкананын үлүшүн Sollers Auto ишканасына өткөрүп берүүнү чечти.

Концерн тараткан билдирүүгө ылайык, транзакциянын баасы символикалык 1 еврону түзөт. Жапониялык автоконцерн үч жылдын ичинде үлүштү кайра сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Sollers Auto "Мазданын" Владивостоктогу биргелешкен ишканадагы үлүшүн сатып аларын РБКга ырастады. Компания келерки жылы заводду жаңы үлгүдөгү линияда кайра иштетүүнү пландаштырууда.

Буга чейин Владивостоктогу завод CX-5, CX-9 жана Mazda6 үлгүдөгү автоунааларды чогулткан.

Жүк ташуучу машинелерди жана пикап чыгарган Isuzu да Орусиядан чыгуу планын жарыялаганын Kyodo агенттиги маалымдады.

Компаниянын божомолуна ылайык, 2023-жылдын аягына чейин Орусиядагы ишмердүүлүгүнүн зыяны миллиарддаган иенди (миллиондогон доллар) түзөт, ал эми Ульяновскидеги Isuzu заводун калыбына келтирүү планы аныктала элек.

Ульяновск шаарындагы Isuzu заводу 2012-жылдан бери иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG