Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Украин армиясы Снигирёвканы бошотконун жарыялады


Украин армиясынын 131-чалгын батальону видеокайрылуу жасап, 10-ноябрда Николаев облусундагы Снигирёвка калаасы бошотулганын жарыялады. Видео Снигирёвканын батыш тарабында тартылганын Meduza жазды.

Шаар быйылкы жылдын 19-мартынан бери Орусиянын оккупациясында болчу. Украинанын аймактарын аннексиялоонун алдында орус бийлиги Херсон облусуна Снигирёвканы киргизген.

Шаардын бошотулганы тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар "Суспiлне" басылмасына ырасташкан.

9-ноябрда Снигирёвканын Орусия дайындаган бийлиги шаарда салгылашуу болуп жатканын кабарлаган эле. Херсондон 50 чакырым алыс жайгашкан Снигирёвка орус армиясы үчүн маанилүү коргонуу линиясы катары сыпатталып келген.

Орус армиясы февралда басып алган Херсон облусунан 9-ноябрда чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG