Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Бишкек инвестициялык форуму өтүп жатат


Бишкек инвестициялык форуму (BIF-2022) 10-ноябрь.
Бишкек инвестициялык форуму (BIF-2022) 10-ноябрь.

Бүгүн, 10-ноябрда борбор калаада Бишкек инвестициялык форуму (BIF-2022) өтүп жатат. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга 10 өлкөдөн бизнес-делегациялар келди.

Иш-чаранын алкагында 80ден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын көргөзмөсү өтөт. Форумга 1500 ишкер катышууда.

ЖИА бизнес-ассоциациясы бул форумду бешинчи ирет уюштуруп жатат. Бул жылдар аралыгында BIF жүздөгөн бизнес-долбоорлор үчүн дээрлик 13 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу аянтчасы болууга жетишкен.

2015-жылдан бери BIFтин алкагында миңден ашуун инвестициялык долбоорлор сунушталган, алардын ичинен 40тан ашыгы BIF аяктагандан кийин түз инвестиция алышкан.

Кыргызстанда 15 миңге жакын ишкана бар, алардын 93 пайызы чакан ишканалар. 26 пайызга жакыны соода-сатык, 15 пайызы өнөр жай жаатында жана 12 пайызы курулуш тармагында алектенет. Чакан жана орто ишканалар өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 33 пайызын түзөт. (КЕ/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG