Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Карасартова сотто күнөөсүз кармалганын айтты


Рита Карасартова Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Рита Карасартова Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык сотунда кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жаткан жарандык активист Рита Карасартова "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!", - деди активист.

Рита Карасартова тергөө жүрбөй жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушу тапта активист Улукбек Маматаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.

Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдин бөгөт чарасы 9-ноябрда Шаардык сотто каралып, аларды эки айга камаган райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 11-ноябрда да каралат.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (ZKo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG