Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Мекемелер лампаны Майлуу-Суу заводунан сатып алууга милдеттендирилет


Майлуу-Суу заводу.
Майлуу-Суу заводу.

Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар мындан ары жарык берүүчү лампаларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алууга милдеттүү болот. Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 9-ноябрда билдирди.

Завод чыңалуу лампаларынын жети түрүн жана айнек жиптеринен жасалган ровинг жана фибра сыяктуу товарларды өндүрөрү белгиленди.

1967-жылы ачылган завод 1974-жылы 1 млрд электр лампасын өндүрүүгө жетишкен. Советтер Союзунан кийин иши солгундаган заводду 2003-жылы орус ишкерлери 3,6 млн долларга сатып алышкан, бирок мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы ишкана банкрот деп жарыяланган. Кийин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаментинин карамагына өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл июнда парламентте маалымат берип жатып "Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд сом карадык" деп айткан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG