Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

АКШ: орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыгы чыгууда


АКШда орто мөөнөттүү шайлоодон кийин демократтар Конгресстин жогорку палатасы – Сенаттагы үстөмдүктү сактап калат деп болжолдонууда. Аларда Өкүлдөр палатасына көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү да бар экенине карабай, ал республикачыларга өтөрү айтылып жатат.

8-ноябрдагы шайлоодо жарандар Өкүлдөр палатасынын жаңы курамына жана Сенаттын үчтөн бир бөлүгүнө добуш беришти.

АКШ убактысы менен 9-ноябрдын таңына карата беш штатта Сенатка шайлоонун жыйынтыгы тактала элек. Баштапкы эсепте демократтар 48, республикачылар 47 мандатка ээ.

Добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө демократтар Аризона менен Жоржияда алдыда келе жатышат – бул эки штаттагы жеңиш, вице-президент Камала Харристин добушун эсепке алганда аларга 50 мандатка жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет. Демократтардын талапкеринин Невада штатында жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Байкоочулар Пенсильвания жана Нью-Гэмпшир штаттарында да Демократиялык партиянын талапкерлери жеңгенин билдиришүүдө.

RealclearPolitics маалыматы боюнча, Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар 199 округда жеңсе, демократтар 174 округда утту. Дагы 62 округда жыйынтыктар аныктала элек, талапкерлердин ортосундагы ажырым абдан аз. Шайлоо алдындагы сурамжылоолордо республикачылар ишенимдүү жеңишке жетери айтылган.

Эгер республикачылар Конгресстеги үстөмдүктү алса, бул аларга администрациянын кийинки эки жылдагы стратегиясынын көбүн, анын ичинде Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы турууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн берет.

Республикачылардын айрымдары буга чейин Киевге жардамды кыскартууну талап кылышса, башкалары Украинага көмөк көрсөтүүнү Конгресстин күчөтүлгөн көзөмөлү менен улантууну жактаган. Байдендин администрациясы АКШнын Украинага көрсөткөн колдоосу орто мөөнөттөн кийин да бекем бойдон кала берет деп ишендирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG