Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Кемпир-Абад иши: Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды


Али Шабдан жана Атай Бейшенбек. Коллаж сүрөт.
Али Шабдан жана Атай Бейшенбек. Коллаж сүрөт.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин камаган.

Сот мунун алдында активисттердин кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапкан.

"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар", - деди Атай Бейшенбек сот залында.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган. "Массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрү күнөөсү жок экенин айтып жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG