Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:41

Тажикстан: бадахшандык ага-ини активисттер 13-16 жылдан абакка кесилди


Рамзи Вазирбеков
Рамзи Вазирбеков

Дүйшөмбү шаарынын соту Тоолуу Бадахшандын тургуну, тажик бийлигин сындаган активист Рамзи Вазирбековду 13 жылга кести. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, ал “кылмыштуу уюмдарга аралашууга” жана “конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга” айыптуу деп табылды.

5-ноябрда Вазирбековдун ишин караган сот жабык өткөн. Өкүм тууралуу маалымат 8-ноябрда гана ачыкка чыкты.

Ушул эле күндөрү Вазирбековдун бир тууганы, активист Ораз Вазирбековду сот 16 жылга эркинен ажыратты. Ал "экстремизмге жана бийликти кулатууга чакырык жасаган" деп айыпталды.

Активисттин жакындары билдиргендей, айыпталуучулар өз күнөөсүн мойнуна алган эмес жана коюлган киненин баарын төгүндөгөн.

Ага-ини Вазирбековдор акыркы жылдары Москвада иштешкен жана социалдык түйүндөр аркылуу Тажикстандын бийлигин сындап жүрүшкөн. Экөө тең Орусиянын жараны.

Алар 29-июлда Москва шаарынын аэропортунда дайынсыз жоголгон. Бир аздан кийин тажик бийлиги алар өз ыктыяры менен мекенине кайтып келип, Тоолуу Бадахшандагы нааразылыктарга байланыштуу тергөөгө жардам берип жатканын билдирген.

Москвадагы памир диаспорасынын активисттери, Вазирбековдордун жакындары аларды тажик коопсуздук кызматы Тажикстанга күч менен алып кеткенин айтып чыгышкан.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 220 адам кармалганы ырасталды.

Андан бери нааразылыктарды уюштурууга айыпталган ондогон активист кармалып, камалды. Тажикстандын Жогорку соту башаламандыктарды уюштурууга айыпталган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара кызматынын мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою абакка кескен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG