Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Орусияда тик учак кулап, бир адам каза тапты


Орусиянын кырсыкка кабылган тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын кырсыкка кабылган тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Кострома облусунда санитардык милдетти аткарган Ми-2 тик учагы кулап, бир киши каза тапты. Дагы төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык ТАСС агенттиги кабарлады.

Тик учак Кострома шаарынын жакасындагы Сокеркино аэропортуна конууга баратканда кулаган. Бортто бейтап жана аны коштогон дарыгерлер болгон. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ооруулуу каза болуп калган.

Кострома облусунун губернатору Сергей Ситников Телеграм каналында кабарлагандай, экипаждын мүчөлөрү байланышка чыккан. Куткаруу иштери уланууда.

23-октябрда Орусиянын Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап, эки учкуч мерт болгон. 19-октябрда Краснодар крайындагы Ейск шаарына турак жайга аскердик учак кулап, 15 адам каза тапкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG