Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Орусиядан армян, кыргыз жана өзбек мигранттарынын чыгып кетүүсү көп катталды


Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын жыйналышы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын жыйналышы. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын алгачкы сегиз айында Орусиядан армениялык, кыргызстандык жана өзбекстандык мигранттардын чыгып кетүүсү мурда болуп көрбөгөндөй көп катталды. Мындай корутундуну "Можем объяснить" Телеграм каналы Росстат мекемесинин маалыматтарын талдагандан кийин чыгарды.

Расмий маалыматтарга ылайык, январдан августка чейин Орусияга 444 миң мигрант барган, 506 миң мигрант чыгып кеткен. Натыйжада чыгып кеткендердин саны киргендерге караганда 62,5 миңге көп болгон.

Адистер мындай көрсөткүч мурдагы жылдары, ал тургай коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда да катталбаганын билдиришет. 2020-жылы тескерисинче өлкөгө киргендердин саны чыгып кеткендерге караганда 68,8 миңге көп болгон. 2021-жылы келген мигранттар чыгып кеткендерге салыштырмалуу 212,3 миңге көп катталган.

Мигранттардын чыгып кетүүсүндө быйыл үч өлкө биринчи орунду ээлеген. Жыл башынан бери армениялык 15,7 миң, кыргызстандык 14 миң, өзбекстандык 13,7 миң адам Орусиядан чыгып кеткен. Украиналык 8,5 миң мигрант мекенине кайткан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, мекенине кайткан тажик мигранттардын саны буга караганда азыраак. Ошол эле маалда Тажикстандан Орусияга келгендер да быйыл мурдагы жылдарга караганда кыскарган.

Украинада кеңири масштабдагы согуш баштаган соң Орусиянын өзүндө экономикалык кырдаал оорлогон жана жумуш орундары кыскара баштаган. Буга Батыш өлкөлөрү салган санкциялар да себеп болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин октябрда азыркы миграциялык саясат концепциясын кайра карап чыгууну сунуштаган. Ал жаңыланса мигранттар арасында текшерүүлөр күчөй турганы айтылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG