Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:29

Түндүк Корея Орусияга курал-жарак жеткиргенин төгүндөдү


Түндүк Кореянын куралдары. Иллюстрациялык сүрөт.
Түндүк Кореянын куралдары. Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк Кореянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушта колдонуу үчүн Орусияга курал-жарак жана артиллериялык дүрмөттөдү жеткиргенин төгүндөдү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Өткөн аптада АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби аларда Пхеньян Москвага курал-жарак жеткирип жатканы тууралуу маалымат бар экенин айткан. Кирби Кошмо Штаттар кырдаалга көз салып турганын, бирок бул алып-сатууга бөгөт коё албасын айткан. Ал ошол эле маалда бул жеткирүүлөр Украинадагы согушка өтө көп таасир эте албай турганын кошумчалаган.

Түндүк Кореянын бийлиги АКШны өз өлкөсүнүн эл аралык аброюна шек кетирип жатат деп айыптап, Орусияга курал-жарак жеткирип жатканын танып жатат.

Соңку согушта Орусияда да, Украинада да аскердик техникалар, курал-жарак жана ок-дары жетишсиз болууда. Киев АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция баштаган Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып жатса, Москва Иран, Түндүк Корея, Кытайдан көмөк алып жатканы маалымдалган. Украин бийлиги аларды ачык жарыяласа, орус бийлиги көп маалыматтарды ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG