Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Украин өкмөтү Коломойскийдин ишканасын улутташтырды


Владимир Зеленский (ортодо) менен Игорь Коломойский (оңдон экинчи). 2019-жыл. Киев, Украина. Архивдик сүрөт.
Владимир Зеленский (ортодо) менен Игорь Коломойский (оңдон экинчи). 2019-жыл. Киев, Украина. Архивдик сүрөт.

Украинанын өкмөтү бизнесмендер Игорь Коломойский, Вячеслав Богуслаев, Константин Жеваго жана Константин Григоришинге байланыштуу стратегиялык ишканаларды мамлекетке өткөрдү. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов кабарлады.

Мында учактар жана тик учактар үчүн моторлорду чыгарган "Мотор Сич" заводу жана "Укрнафта" мунай өндүрүүчү компаниялары жөнүндө кеп болуп жатат.

Даниловдун айтымында, аталган бизнестерди улутташтыруу жөнүндө чечимге президент Владимир Зеленский макулдук берген. Ишканалардын ээлерине жана акционерлерине компенсация каралган-каралбаганы айтылган жок.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль улутташтырылган ишканалар мамлекеттин улуттук коргонуу тармагы үчүн кызмат кыларын белгиледи.

"Страна" басылмасы "Укрнафта" компаниясында 42% акцияга ээлик кылган Коломойский ишкананын улутташтырылганын эми гана укканын жазды. Медианын булагы кабарлагандай, бизнесмен жана анын жакындары үчүн бул күтүүсүз болгон. Ишкананын 50% + 1 акциясы буга чейин эле мамлекетке караштуу болчу.

Игорь Коломойский – Украинанын эң бай адамдарынын бири, Днепропетровск облусунун мурдагы губернатору. Өткөн жылдын март айынан бери ал жана анын үй-бүлөсү АКШнын санкциялык тизмесине кирген.

Быйыл жайда украин маалымат каражаттары Владимир Зеленский Коломойскийди жарандыктан ажыратышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Зеленский президенттикке койгон маалда бир топ басылмалар анын колдоочусу Игорь Коломойский деген түкшүмөлдөрдү келтиришкен.

"Мотор Сич" заводунун директору Вячеслав Богуслаев Украина үчүн агрессор мамлекет – Орусияга маалыматтарды сатып, иштеген деген айып менен кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG