Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

Washington Post: АКШ Украинаны Орусия менен сүйлөшүүгө чакырууда


Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Владимир Зеленский.

АКШ президентинин администрациясы Украинанын бийлигин Орусия менен сүйлөшүүгө ачык экенин көрсөтүүгө чакырып жатат. Бул тууралуу The Washington Post гезити Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазды.

Гезит аты аталбаган булактарга шилтеме жасап, америкалык аткаминерлердин өтүнүчү Украинаны сүйлөшүүгө түртүү эмес, Киевдин башка мамлекеттердин колдоосуна ээ болушун камсыз кылуу үчүн жасалган аракет экенин жазган.

Басылма белгилегендей, америкалык аткаминерлер украин бийлигинин Орусиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөргө кош көңүл мамиле жасайт деген пикирин да туура баалашат.

Ошол эле маалда журналисттерге маалымат берген аткаминерлер Украинанын президенти Владимир Зеленский кепке келип, сүйлөшүүлөргө барарын ишарат кылышкан.

Азырынча Киев журналисттердин бул тууралуу соболуна жооп бере элек.

22-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийинки дипломатиялык сүйлөшүүлөр май айында токтоп калган. Киев менен Москванын делегацияларынын бетме-бет жолугушуусу соңку ирет мартта Стамбулда өткөн.

Октябрдын башында президент Зеленский Орусияда "Путин бийликте турганда сүйлөшүүгө жол жок" деп билдирген. Путин ага чейин Орусия сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок аннексияланган аймактар тууралуу сөз болбошу керектигин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG