Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Бокс: Дмитрий Бивол мексикалык Хильберто Рамирести жеңди


Дмитрий Бивол.
Дмитрий Бивол.

Теги кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол мексикалык атаандашы Хильберто Рамирести жеңип Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону курун коргоп калды. Беттеш 6-ноябрга караган түнү Абу-Даби шаарында өттү. 12 раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар жеңишти Дмитрий Биволго беришти.

Дмитрий Бивол 31 жашта. Орусиянын жараны. Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыккан. 12 жашында үй-бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кетип, ал жактан машыгуусун уланткан. Бокс боюнча ышкыбоздор арасында жаштардын дүйнө чемпионатында коло байге (2008-ж.) жана Дүйнөлүк Универсиадада күмүш байге алган. Профессионалдык рингге 2014-жылы чыгып, ушул кезге чейин 21 беттеш өткөрүп, бардык таймаштарын уткан.

Учурда үй-бүлөсү менен Санкт-Петербург шаарында жашайт. Ал 8-май күнү Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык атактуу мушкер Сауль Альварести утуп, Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта чемпиондук наамын коргоп калган. Дал ушул беттештин алдында ал Кыргызстандын желегинин фонунда рингге чыккан.

Хильберто Рамирес да 31 жашта. Ал профессионалдык рингге 2009-жылы чыгып 45 беттеш өткөргөн. Анын 44 жеңип, акыркы беттешинде - Дмитрий Биволго каршы таймашта утулду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG