Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

CPJ: “Азаттыктын” сайтына, банк эсебине коюлган бөгөт алынышы керек


“Азаттыктын” микрофону.
“Азаттыктын” микрофону.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда “Демирбанк” банк эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

“Азаттык Медиа” Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген “Демирбанктын” катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча сөз болуп жаткан мекемелер расмий жооп бере элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG