Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:01

Баласы түнкүсүн көчөдө кароосуз жүргөндөрдү ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдары түнкүсүн кароосуз жүргөн ата-энелерди аталык жана энелик укуктан ажыратуу же чектөө сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы иштеп чыккан мыйзам долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, эгер балдары жайкысын түнкү 11ден, ал эми жылдын башка мезгилинде түнкү 10дон таңкы 6га чейинки убакыт аралыгында көчөдө же уруксат берилбеген жайларда кароосуз жүргөн болсо, балдардын укугун коргоочу тийиштүү мамлекеттик органдар алардын ата-энесинин укугун ажыратуу маселесин көтөрүүгө укуктуу болушат.

Депутат мындай демилгени балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштеп чыкканын айтууда.

Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын, алардын көбү ата-энеси миграциядагы же кароосуз жүргөн балдар экенин укук коргоочулар айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG