Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Милиция камаган кош бойлуу журналист Сатыбалдиева ооруканага жеткирилди


Санрабия Сатыбалдиева.
Санрабия Сатыбалдиева.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.

Абдирасулова Санрабия менен кошо оператор Калыс Ашырбаев дагы камалганын жазды.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист менен оператордун камалганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

Сатыбалдиева ушул аптада милиция камаган экинчи журналист болуп калды. Эркин журналист Семетей Талас уулу 1-ноябрда кармалып, 3-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралгандан кийин үй камагына чыгарылган.

ИИМ журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.

Журналист буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG