Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Украина менен Орусия туткундарды айырбаштады


Киев менен Москва буга чейин 29-октябрда туткундарды айырбаштаган. Иллюстрациялык сүрөт.
Киев менен Москва буга чейин 29-октябрда туткундарды айырбаштаган. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина 107 туткунду өткөрүп бергенин билдирди. Маалыматта аларды дарылып, реабилитациядан өткөрүү үчүн Москвага жеткирилери жазылган.

Мунун алдында Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин башчысы Денис Пушилин туткундарды айырбаштоо “107 адамга 107” форматында жүрөрүн кабарлаган. Анын сөзүнө караганда, Киев өткөрүп берген туткундардын теңинен көбү - 65 адам аймактагы жикчилдер башкарган райондордун тургундары.

Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак Киев кайтарып алган туткундардын басымдуу бөлүгү - 74 адам “Азовсталдын” коргоочулары экенин кабарлады. Алардын арасында оор жарадар болгондор, буту-колунан ажырагандар бар экенин билдирди.

Киев менен Москва буга чейин 29-октябрда туткундарды айырбаштаган. Украина анда 52 адам, Орусия болсо 50 жоокери кайтарылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG