Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

МАГАТЭ Украинадан “ыплас бомбанын” изин таппаганын жарыялады


МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси.
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Украинанын объектилерине кароо жүргүзүп, андан “ыплас бомба” деп аталып жаткан куралдын белгилерин таппаганын жар салды.

Маалыматка караганда, уюмдун адистери үч өзөктүк объектини текшерип, анда жашыруун өзөктүк активдүүлүк жок экенине көбө болушту. Алар - Киев шаарындагы Өзөктүк изилдөө институту, Жёлтые Воды шаарындагы Чыгыш тоо-кен байытуучу комбинаты жана Днепр шаарындагы Макаров атындагы “Түштүк машине куруу заводу.

Текшерүү Украинада ыплас бомба жасалганы тууралуу Орусиянын айыптоолорунан кийин Киевдин шашылыш өтүнүчү менен ишке ашты.

Орусиянын бийлиги октябрдын ортолорунан тартып Украина өз аймагында "ыплас бомба" жардырууну көздөйт деген доомат коюп келатат. Орус президенти Владимир Путин Орусиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгууларына байкоо салып жатып, "Украина чагым катары "ыплас бомбаны" колдонууну пландап жатканын" айткан.

Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү бул айыпты чечкиндүү түрдө четке кагып, Орусия "ыплас бомба" деген дооматты көтөрүү менен өзү ал бомбаны колдонуп, аны Украинага жүктөөнү максат кылышы мүмкүн деп ырасташты. Украин президенти Владимир Зеленский Европада “өзөктүк курал колдонууну ойлонгон бир эле киши бар экенин, ал Владимир Путин” экенин айтты.

Орусия радиоактивдүү материал менен дүрмөттөлгөн жарылуучу затты “ыплас бомба” деп атап жатат. Дүрмөт жарылган маалда зыяндуу заттар толкун менен кеңири аянтка тарайт. Анын кыйратуучу натыйжасы өзөктүк куралдын чакан жарылуусуна окшош болот, ага карабай адистер аны өзөктүк бомба деп аташпайт. Мындай куралдын колдонулган учуру дүйнөдө каттала элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG