Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Равшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 2-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Анда саясатчы Равшан Жээнбеков жараянга өзүн ооруп жатканына карабай, күч менен алып келишкенин билдирди. Буга байланыштуу Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана эл аралык уюмдарга кайрылды. Соттук териштирүүнү ден соолугуна байланыштуу 2-3 күнгө жылдырып турууну судьядан өтүндү.

"Мен 4-5 күндөн бери ооруп жатам. Дарыгерлер ооруп жатканда төшөккө жаткан режимди сунушташат. Соттук териштирүү күн алыс болуп жаткандыктан жатканга мүмкүн болбой жатат. Мен чыйрыгып, үшүп жатам. Кечинде тердеп, тамагым ооруп жатат. СИЗО-1дин санитардык бөлүмүнө арыз жаздым. Медициналык жардам берүүнүн ордуна күч менен сотко алып келишти. 2-3 күн жатып, жакшы болгондон кийин ден соолугу чың адам катары сотко катышайын. Конституция, бардык эл аралык нормалар боюнча ооруган адамга Жаза аткаруу кызматынын алдындагы СИЗО-1дин медициналык жардамын алуу укугун берет", - деди Жээнбеков.

Биринчи май райондук соту териштирүү 14:00дө улана турганын "Азаттыкка" билдирди.

Равшан Жээнбеков бийликти басып алууга даярданган деген шек менен 20дай саясатчы, активисттер менен бирге 23-октябрда кармалып, эки айга камалган.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбев баштаган, убагында анын аппарат жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин бир нече тарапташы айыпталып жатат.

Алардын ичинен Атамбаевден башкасы эркиндикте. Айыпталгандардын көпчүлүгү буга чейин эле үй камагына чыгышкан, айрымдары эч жака кетпөө тууралуу тил каттын негизинде камалган эмес.

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG