Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Матвиенкодон орден алган Нарбаева сынга кабылды


Өзбекстандык социалдык түйүн колдонуучулары Олий Мажлис Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеванын Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун колунан "Достук" орденин алганын жана анын ыраазычылык катары айткан сөздөрүн кескин сындап жатышат.

Сыйлык 28-октябрда Самарканд шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 54-сессиясынын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин атынан тапшырылган.

Орусиянын Федерация кеңешинин ишмердүүлүгүн чагылдырган Senatinform.ru сайтынын маалыматына ылайык, Өзбекстан парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы бул сыйлыкты алуу "чоң сыймык" экенин айтып, "президент Путинге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет, биз бул орденди сөзсүз түрдө эмгегибиз менен актайбыз" деген.

Орусиянын Украинага кол салуусунун фонунда өзбек интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү улуттун менталитетин постколониалдык ой жүгүртүүдөн тазалоо зарылдыгын айтып келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG