Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды


Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Аскат Жакупбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Талас уулуна Кылмыш кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен айыбы угузулуп, камакка алынды. Анын бөгөт чарасы эртең, 2-ноябрда каралат.

Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Семетей Талас уулу жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинде Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.

Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG