Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Анатолий Карпов реанимацияга түштү


Советтик жана орусиялык шахматчы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, мурдагы чемпион Анатолий Карпов 29-октябрда баш мээсинен жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып Москвада ооруканага жаткырылды. Жалпыга маалымдоо каражаттары анын кызы Софьяга таянып, Карпов нейрореанимацияда экенин жазышты.

71 жаштагы гроссмейстер Мамлекеттик Думанын имаратынын жанындагы көчөдө кулап түшкөн. Mash, "База" жана "112" каналдары ал мас абалында болгонун жазууда.

Карпов 1975-жылы америкалык Роберт Фишер титулун коргоодон баш тарткандан кийин шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон. Андан кийин 1978 жана 1981-жылдары эки жолу титулун коргогон.

Карпов – үч жолу Мамлекеттик Думага “Бирдиктүү Орусиядан” депутат болуп шайланган жана Орусиянын Украинага басып киришинен кийин АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG