Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Журналист Семетей Талас уулун милиция алып кетти


Семетей Талас уулу милицияга алып келинди.
Семетей Талас уулу милицияга алып келинди.

Бул маалыматты Семетей Талас уулу өзү "Азаттыкка" ырастады. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.

Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Журналист сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG