Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Кемпир-Абад: акыйкатчы Абдрахматова камактагы аялдардан кабар алды


Кемпир-Абад иши боюнча камалган Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана массалык башаламандык уюштурууга даярдык деген берене менен Москвадан кармалган Орозайым Нарматова.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана массалык башаламандык уюштурууга даярдык деген берене менен Москвадан кармалган Орозайым Нарматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 31-октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды. Ал Фейсбуктагы баракчасына "Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Клара Сооронкулова менен жолуктум, "кармалган жайда чогуу турган айымдардын баарына укуктук консультация, жардам бер" дешти. Орозайым Нарматовага да жолуктум. Туугандарына, өзгөчө атасына "салам айтып коюңуз, көп кайгырбасын" деди",-деп жазды.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып чыккан алты аял учурда абакта отурат. Аларды бошотуу өтүнүчү менен жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер баш болгон 80ден ашуун адам бийликке кайрылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти.

Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтилген соң камакка алынган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG